Skip to content

Latest commit

 

History

History
347 lines (174 loc) · 39.3 KB

kyrgyz.md

File metadata and controls

347 lines (174 loc) · 39.3 KB

BBC Kyrgyz

Көмүскөдөгү орган соодасы: Мьянмадан Индияга барып бөйрөк саткандар

2025-ж., 28-февраль, жума 13:37:18

Мьянмада адам органдарын сатуу бизнеси соңку төрт жылдын ичинде кеңири жайылып кетти, буга жараша анын баалары да өстү. Азия чөлкөмүндө адам органдарын сатуу чоң көйгөйгө айланган, мьянмалыктардын окуясы бул кылмыштуу жана көмүскө сооданын кантип ишке ашып жатканын түшүнүүгө жардам берет.

Кыргызстан Тажикстан менен кайсы жерлерди алмашат? Ташиевдин баяндамасы

2025-ж., 27-февраль, бейшемби 11:30:15

Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча долбоор каралды. Улуттук Коопсуздук кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев атайын баяндама жасады. Ал чек араны тактоо ишинин мындан аркы процедурасын чечмелеп, өтө талылуу маселе каралып жатат деп белгиледи.

Он эки жылдык билим берүүгө камылга кандай?

2025-ж., 28-февраль, жума 04:02:56

Кыргызстандын билим тармагы көп жылдан бери олуттуу реформага муктаж экени айтылып келет. Билим берүү министрлиги учурда бул боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр башталып, чет өлкөлүк мыкты тажрыйбалар менен байытылган улуттук жаңы окуу системасынын модели түптөлүп жатканын айтууда. Өзгөрүүлөрдүн эң негизги бөлүгү 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү. Анын баштапкы этабы жаңы окуу жылынан тартып ишке ашканы турат.

Темир жолду көчүрүү демилгеси: мүмкүнчүлүктөрү жана сунуштар

2025-ж., 27-февраль, бейшемби 04:01:15

Бишкек мэриясы шаарды аралап өткөн темир жолду чет жакка көчүрүүнү көздөп жатат. Бул демилге жол тыгындарын азайтуу жана экологиялык маселелерди чечүү аракетинин бир бөлүгү катары каралууда. Долбоордун артыкчылыгы жана көйгөйү эмнеде? Бийликтин бул чечими Бишкек үчүн канчалык маанилүү?

Сириядагы таасир талаш: Түркия, АКШ, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн көздөгөнү эмне?

2025-ж., 26-февраль, шаршемби 12:55:01

Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа он үч жылга созулган жарандык согуштан кийин өлкөнү бириктирүүгө күч үрөп жатат. Ал бир эле учурда Түркия жана АКШ өңдүү мамлекеттердин саясий басымына каршы турууга мажбур болууда. Бул өлкөлөрдүн ар биринин Сирияда өз кызыкчылыгы бар.

АКШ менен Украина кен байлыктар боюнча келишимге кол койгону жатат

2025-ж., 26-февраль, шаршемби 02:30:25

АКШ жана Украина жаратылыш ресурстарын биргелешип иштетүү боюнча келишимдин соңку вариантын макулдашты. Бул тууралуу Би-Би-Синин украин бийлигиндеги булагы билдирди. Украинанын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири AFP агенттигине кол коюу келе жаткан жума күнү болушу мүмкүндүгүн айткан.

"Бул жерде жашоо бар эле": Орусия кыйраткан Украинанын шаарлары

2025-ж., 25-февраль, шейшемби 04:01:17

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушту баштаганына үч жыл болду. Украинада согуштан улам талкаланган үйлөрдүн жана имараттардын саны 330 миңге жетти. Орус армиясы басып киргенден кийин толугу менен кыйраган шаарлар тууралуу сүрөттөрдү Би-Би-Си сунуштайт.

ЕАЭБге шайкеш келтирүү: Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы жаралабы?

2025-ж., 25-февраль, шейшемби 10:56:41

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 2026-жылдан тартып миңдеген дары-дармек өлкөдө сатылбай калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул дары-дармектин жетишсиздигине жана баанын өсүшүнө алып келиши ыктымал. Мунун негизги себеби эмнеде? Мамлекет көйгөйдүн алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүүдө?

Германиядагы шайлоо: Фридрих Мерц баштаган консервативдик күчтөр блогу алдыга чыкты

2025-ж., 24-февраль, дүйшөмбү 09:32:12

Экзитполдун жыйынтыгына караганда, Германиянын парламенти Бундестагга өткөн шайлоодо "Христиан-демократиялык союз" (CDU) жана "Христиан-социалдык союзу" (CSU) кирген консервативдүү күчтөр блогу алдыда келе жатат. Алар шайлоочулардын 29% добушуна ээ болду.

Жер кодекси: активисттер президентти кол койбоого чакырат, бийлик мыйзам жакшырганын айтат

2025-ж., 24-февраль, дүйшөмбү 06:17:02

Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна каршы чыккан демилгечил топ кол топтоону улантып жатат. Алар документ кабыл алынса, өкмөт жарандардын менчик жерлерин алып коюшу мүмкүн деп кооптонууда. Өткөн аптада президент жеке мүлк кол тийбес экенин, долбоордо мындай ченем камтылса, аны артка кайтарарын билдирген.

Египетте 100 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу фараондун мүрзөсү табылды

2025-ж., 24-февраль, дүйшөмбү 03:53:24

Египеттик жана британиялык изилдөөчүлөр Египетти 3500 жыл мурун башкарган фараон Тутмос II көрүстөнүн табышты. Негизи археологдор анын аялдарынын биринин кабырын табабыз деп ойлошкон, бирок казуу иштери учурунда фараондун өзүнө таандык жай аныкталды.

Украинадагы согуш: Орусия кыргын салчу МиГ-31 менен чабуул жасабай калды. Эмне болушу мүмкүн?

2025-ж., 21-февраль, жума 04:17:30

Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн МиГ-31 истребителдери 28-январдан бери Украинанын аба мейкиндигинде "караанын" көргөзө элек. Январь айында алар дээрлик 20 күндөй украиндердин тынчтыгын бузган жок. 2024-жылы үзгүлтүксүз учуп, чабуул жасап турган Орусиянын кыйратуучу учактарына мындай узак тыныгуу мүнөздүү эмес эле.

Жалп өчкөн жаш өмүрлөр: эксгумацияга жеткирген рэкетчилик

2025-ж., 20-февраль, бейшемби 10:54:41

Январдын этегинде Кант шаарында 16 жаштагы бала таяк жеп, өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Бишкекте болсо 8-класстын окуучусу ажатканада сабалып, 4-февралда ооруканада өмүр менен кош айтышты. Мындан аз өтпөй, 12-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу мушташтан каза болгон. Дагы бир нече бала жабыркаган. Бул сыяктуу ур-токмоктун дагы канчасы көмүскөдө калганын так айтуу кыйын.

"Негизги көрсөтмөлөр аткарылган эмес". Өрттөн кийин ооруканалар  текшерилүүдө

2025-ж., 20-февраль, бейшемби 03:35:44

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунда чыккан өрт саламаттыкты сактоо мекемелериндеги өрт коопсуздугу деген маселени кабыргасынан койду. Тилсиз жоонун себебин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия иликтөөнү улантууда.

Украина-Орусия согушу: Киев согушту мындан ары уланта алабы?

2025-ж., 19-февраль, шаршемби 12:11:34

Орусиянын Украинага басып киргенине үч жыл болду. Согушта кайсы бир армия сөзсүз түрдө жеңип чыгат, бирок бул түздөн-түз экономикага көз каранды. Ушул жагынан алып караганда мындан ары Украина жалгыз өзү орустар менен согушту уланта алабы?

"Башка-көзгө койгулаган туура эмес": укук коргоо органдары кандай учурда күч колдоно алат?

2025-ж., 19-февраль, шаршемби 03:27:58

УКМКнын атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн Ош шаарында кылмышка шектүү кишилерди кармоо учурундагы видеосу коомдо кызуу талкуу жаратты. Бул окуя кылмышка шектүүнү кармоо тартиби кандай болушу керек, күч түзүмдөрү кандай учурда күч колдонсо болот деген маселени козгоду.

Украин-орус согушу: Америка менен Орусиянын алгачкы сүйлөшүүлөрү аяктады

2025-ж., 18-февраль, шейшемби 14:50:55

Америка менен Орусия Украинадагы согуш башталгандан бери алгачкы жолу сүйлөшүү өткөрдү. Сауд Арабиянын борборундагы жолугууга Украина тараптан эч ким катышкан жок. Украин президенти Володимир Зеленский Киев катышпаган сүйлөшүүнү тааныбай турганын билдирди.

Талкууга түшкөн Суу кодекси жана Кумтөрдөгү мөңгү маселеси

2025-ж., 18-февраль, шейшемби 03:49:18

10-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Суу кодексинин мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды. Жыйындын жүрүшүндө мөңгүлөрдү коргоо үчүн киргизилген айрым чектөөлөрдөн "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүнүн алып салынышы депутаттардын нааразылыгын жаратты.

Нетаньяху Газадан палестиналыктарды чыгаруу планы үчүн Трампты мактады

2025-ж., 17-февраль, дүйшөмбү 12:14:25

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын палестиналыктарды Газа секторунан чыгаруу сунушун чечкиндүүлүк катары сыпаттап, бул планды ишке ашыруунун үстүндө иштей турганын билдирди.

Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын "тарыхта кала турган" беш жыйынтыгы

2025-ж., 17-февраль, дүйшөмбү 03:09:40

Дүйнөлүк маалымат каражаттары жана аналитиктер коопсуздук маселелери боюнча жыл сайын өтүүчү Мюнхен глобалдык конференциясынын мүмкүн болгон кесепеттерин талдап жатат.

Дональд Трамптын жашоосу сүрөттөрдө

2024-ж., 7-ноябрь, бейшемби 12:56:51

Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс районунда төрөлгөн. Үч жолу үйлөнгөн, беш баласы бар. Анын саясий карьерасы 2015-жылы башталды. Ал президенттик жарышка катышуу ниетин Трамп-Тауэрдеги пресс-конференцияда билдирген.

Кыргыз айымы Нобель жана Оскардын лауреаттарына катарлаша тизмеге кирди

2024-ж., 11-декабрь, шаршемби 10:06:53

Би-Би-Си 100 Айым долбоорун жарыялады. Долбоор жыл сайын дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдарды тандап, алардын ишмердигин чагылдырып келет. Быйылкы тизмеге кирген айымдар да абдан кызыктуу каармандар. Нобель сыйлыгынын, Оскардын лауреаттарынан тартып, космосто эң биринчи болуп марафон чуркаган астронавт айым да бар. Айтмакчы, дал ошол айым так ушул мүнөттөрдө Жер шарынан 400 миң км аралыкта космосто учуп жүрөт.

Индия: кир аба кишилерди эле эмес, техниканы кошо кыйнап жатат

2024-ж., 28-ноябрь, бейшемби 03:35:55

Соңку он күндө Индиянын башкалаасы Делиде абанын булганышы олуттуу деңгээлге жетип, ал тургундарга катуу кедергисин тийгизип жатат. Кири абанын айынан шаарды коюу туман чулгап калды. Аба кирдеген учурдагы туман абалды ого бетер оорлотот, зыяны да күчөйт.

Украинадагы согуш кандай аяктайт? Москва, Киев, АКШнын сценарийи

2024-ж., 27-ноябрь, шаршемби 03:02:14

Орусиянын Украинага каршы согушундагы кезектеги тагдыр чече турган учур. Кошмо штаттары өз ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга Киевге уруксат берген соң Москва жаңы баллистикалык рактасын колдонуп эле тим болбой Европага сокку ура турганын айтып коркутту. Орус армиясы Донбаста чабуулдарын күчөтүп, Курск облусунда болсо түндүккореялык аскерлердин жардамы менен жүрүшүн улантып жаткан маалы.

Тарыхчы: Репрессияланган аялдардын лагерлеринин жанында балдар көрүстөндөрү пайда болгон

2024-ж., 21-ноябрь, бейшемби 02:19:56

Сталиндик репрессиянын кесепети азыр да зыянын тийгизип жатканын окумуштуулар талдап айтып келе жатат. Адам эле эмес, адабият, маданият, илим кошо репрессияланган деп айтууга толук негиз бар. Алыс кетпей эле кыргыз адабиятынын тарыхына кайрыла турган болсок чыгаан адабиятчылар, жазуучулар кандуу саясаттын курмандыгы болгон. Ошентип ой дагы, чыгармачылык дагы репрессияланган, анын айынан адабияттагы жасалмалуулук, бурмалоо, жашырып жабуу болуп көрбөгөндөй күчөгөн.

Украинадагы согушка 1000 күн. Жаңы технологиялар согушту кантип  туңгуюкка кептеди?

2024-ж., 20-ноябрь, шаршемби 10:45:30

Орусиянын Башкы штабынын ою боюнча 2022-жылдын 24-февралында таң эрте Украинага басып кирүү тез жана жеңиш менен коштолгон операция болушу керек эле. Бирок андан бери 1000 күн өтсө да Украинада жай, чаалыктырган жана кыйратуучу согуш уланып жатат.

Уран планетасында океан, ал тургай балык да болушу мүмкүн

2024-ж., 14-ноябрь, бейшемби 11:17:23

Уран - биздин күн системабыздын чет-жакасында жайгашып, муз менен капталган эң ыраактагы өзүнчө бир сырдуу, муздуу дүйнө десек болот. Ал эң муздак планеталардын бири.

Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?

2024-ж., 30-октябрь, шаршемби 03:10:15

Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.

Сауд Аравия баш болгон ислам өлкөлөрү Израилге каарын төктү

2024-ж., 12-ноябрь, шейшемби 12:25:55

Саммиттин ачылыш сөзүндө Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөп, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшү керектигин билдирди.

Кыргыз-түрк алакаларынын тарыхы жана учуру

2024-ж., 5-ноябрь, шейшемби 06:35:55

Кыргыздар менен түрктөр канчалык алыста жашаса да эки элдин алакалары тарыхтын тереңинде жатат. Бүгүнкү түрктөрдүн бабалары огуздар менен кыргыз байланыштары алтынчы, сегизинчи кылымдарда башталган. Кыргыз-түрк тарыхы канчалык тереңде жатканына булактар жана айрым оозеки баяндар күбө. Бирок биз тарыхый-документалдык түрдө билинген Осмон мамлекети мезгилиндеги кыргыз-түрк байланыштарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки алака тууралуу кеп кылабыз.

Норвегияда өлгөн кит чындап эле Орусиянын "деңиз тыңчысы" беле?

2024-ж., 19-ноябрь, шейшемби 03:29:02

Орусиянын тыңчысы деп айтылган белуха кити Норвегиянын жээктерине кантип барып калды? Эркиндикти сүйгөн кит кыязы орус аскерлеринен качып кеткен жана эч кимге "тыңчылык кылуу" ниети болгон эмес.

Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?

2024-ж., 30-октябрь, шаршемби 03:10:15

Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.

“Көрсөң жүрөгүң ооруйт”:  Муз-Төрдөгү кертилген мөңгү

2024-ж., 15-октябрь, шейшемби 10:38:04

Бул сүрөт Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунун ортосунда жайгашкан Муз-Төр аймагынан тартылган. Анда тоо бетин жиреп өтүп, көк жалтаң музду кертип салган жолду көрүүгө болот.

Коррупция чырмаган, бүжүрөгөн кол балага айланган сот

2024-ж., 14-октябрь, дүйшөмбү 09:47:13

Кыргызстанда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз арызы менен кызматынан кетти. Бул Бишкекте он бир журналистке сот өкүмү чыгып, алды алты жылга түрмөгө кесилип, эл аралык уюмдар катуу сын айткан учурга туш келди. Сот бийлиги өлкөдө көп жылдар бою коррупциянын чырмоогунан чыга албай келатса, соңку жылдары суперпрезиденттик башкаруунун бүжүрөгөн кол баласына айланганы айтылууда.

Аялдан чыккан “Ак илбирс”. Эвересттен да катаал тоону багынткан кыргыз кызы

2024-ж., 11-октябрь, жума 03:24:12

Күлүмсүрөгөн назик аял кофесин ууртап, маңдайымда олтурду. Кеңсе кызматкери, болгондо да эсеп-кысап оюнан чыкпаган бухгалтер. Сыртынан караган киши бул айым дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгууга камынып жатат десе ишенбейт. Иш жүзүндө эки жыл мурун эле Эверестке мүмкүн болушунча жакын барып, Манаслу чокусуна чыгып, Кыргызстандагы эң бийик кырларга эбак изин калтырган.

Би-Би-Си дүрбүсүндө

2024-ж., 6-ноябрь, шаршемби 03:40:00

Түркий мамлекеттер уюму: геосаясат курчуган кырдаалдагы саммит

Би-Би-Си дүрбүсүндө

2024-ж., 5-ноябрь, шейшемби 03:59:00

Кыргыз-түрк мамилеси ар тараптан өнүгүүдө, Эрдогандын амбициясы

Би-Би-Си дүрбүсүндө

2024-ж., 4-ноябрь, дүйшөмбү 04:47:00

Колониалдык доор үчүн кечирим суроо

Би-Би-Си дүрбүсүндө

2024-ж., 11-октябрь, жума 03:32:00

22-24-октябрда Россиянын Казань шаарында БРИКСтин саммити өтөт.

BBC News Русская служба

2023-ж., 12-июнь, дүйшөмбү 18:10:06

На 87-м году жизни умер Сильвио Берлускони, бывший премьер-министр Италии.

BBC News Azərbaycanca

2023-ж., 12-июнь, дүйшөмбү 06:59:49

Bu gün Ukrayna ordusunun əks-hücum nəticəsində ələ keçirdiyi bir neçə kənddə şadyanalıq etdiyi görüntülər yayılıb. Bu yazıda, həmçinin BBC müxbiri Paul Adams Ukraynanın cənubunda hərbi baxımdan vacib olan vəziyyəti təhlil edir.

BBC News Türkçe

2023-ж., 12-июнь, дүйшөмбү 01:34:13

Cumhurbaşkanı Recep Tayyip Erdoğan, yeniden göreve seçilmesinin ardından ilk yurt dışı ziyaretini Kuzey Kıbrıs'a yaptı. Erdoğan, "Müzakere masasına geri dönülecekse, bunun yolu Kuzey Kıbrıs Türk Cumhuriyeti'nin tanınmasından geçmektedir" ifadelerini kullandı. Gelişmeler canlı anlatım sayfamızda.

BBC News O‘zbek

2023-ж., 12-июнь, дүйшөмбү 10:32:19

Афғонистон расмийлари кўкнори етиштиришга қарши ўзлари чиқарган қарорни қандай бажармоқда? Тадқиқот кутилмаган натижаларни кўрсатди.